Чүй облусунун Ички иштер бөлүмдөрүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерин саптык кароо өткөрүлдү

 

2022-жылдын апрель айынын башынан тартып Чүй облусунун ИИБнин жетекчилиги, ошондой эле райондук милициянын жетекчилери өздүк курамды саптык кароо өткөрүлгөн. Саптык кароодо жаңы форма кийимдерин алган Коомдук коопсуздук кызматына өзгөчө көңүл бурулду.

Чүй облусунун ИИБнын жетекчилиги жана райондук Ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан саптык кароо учурунда коомдук коопсуздук кызматтардын алдында турган артыкчылыктуу милдеттер белгиленди.

Мындан тышкары, жетекчилер кызмат учурунда мыйзамдуулукту сактап, жарандарга сылык мамиле менен кайрылуусу боюнча нускама өткөрүштү, анткени күнүмдүк иштин жүрүшүндө калктын ишеними биринчи орунда тураары белгиленди.

Саптык кароо салтанаттуу жүрүш менен аяктап, милиция кызматкерлери саптык даярдыктарын көрсөтүштү.

Чүй облусунун ИИББнын Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *