Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан бир нече күн бою өлкөдө коронавирус оорусунун таралышын болтурбоого багытталган алдын алуу чаралары күчөтүлүүдө. Күнү-түнү Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери Чүй облусундагы жайгашкан санитардык-карантиндик постордо саламаттыкты сактоо органдарынын кызматкерлерине карантиндик иш-чараларды жүзөгө ашырууга жардам көрсөтүүдө. Ар бир жаран менен аларга илдеттин жугушунан сактанууга жана пайдалуу эрежелерди түшүндүрүп, алар менен алдын-ала сүйлөшүп, зыянсыздандыруучу каражаттар менен кантип колдонгонду түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Мындан тышкары, милиция кызматкерлери калктын бардык коопсуздук чараларын сактоо зарылдыгы тууралуу алдын-ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Чүй обласынын аймагын көзөмөлдөөдө. Аларга кайрылып бат-баттан жана кылдат колдорун жууп турууну суранып келишти. Карантинди бузбай, сыртта аз гана убакытка гана жүрүүнү суранып, сырка чыккан учурларда милдеттүү түрдө коргоонуучу бет капты кийип коомдук жайларга зарыл иш боюнча гана чыгууну айтып келишти. Андан дагы милиция кызматкерлери бардык кардарлар менен түздөн-түз байланыш бар сатуучулардан жана азык-түлүк дүкөндөрү жана алардын арачылары менен алдын ала сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Алардан бул мезгил кыйын болсо да, бардык керектүү коопсуздук чараларды көрүүгө аркет кылууну сунушташты. Милиция кызматкерлери кулактандыруу менен алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул илдеттин жайылтуусуна жол бербөө биздин бүгүнкү күндө эң негизги маселебиз деп айтылып кетти.

Чүй ОИИББ Басма-сөз кызматы

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *