Чүй облусунун милиция кызматкерлери аялды тоноого шектелген жергиликтүү тургунду кармашты

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 52-жаштагы А.А аттуу тургуну арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде саат 08:30дар чамасында Аламүдүн айылынын көчөлөрүнүн биринен белгисиз адам ага кол салып телефонун жана 5 миң сом акчасын жулуп алып белгисиз тарапка изин жашырып кеткенин билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206 (Тоноо) беренесинин негизинде Аламүдүн РИИБне катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 30-жаштагы О.А. Чүй облусунун тургуну аныкталган.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Милиция кызматкерлери жогорудагы адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жогун текшерүүдө.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *