Чүй ОИИББы: Балдар арасындагы кырсыктарды алдын алууну эскертет

Жай мезгилинде аба ырайынын ысыгынан көпчүлүк тургундар таза абада эс алууга өтүшөт. Алар менен бирге жаш өспүрүмдөр да салкын жерлерде ойноону каалашат. Белгилүү болгондой жайкы мезгилде жаш өспүрүмдөр арасында түрдүү окуялардан улам жаракат алгандардын саны да өскөнү жашыруун эмес. Андыктан бөбөктөрдү эс алдырууда алардын коопсуздугуна көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Бөбөктөр ойноп жатканда аларга тынымсыз көз салуу зарыл. Өзгөчө жаңы баскан бөбөктөрдү коопсуз жерлерде ойнотуу ыңгайлуу. Бөбөктөр ойноп жүргөн жерде казылган чуңкурлар, арыктар, люктар кооптуу экенин унутпаңыздар. Дагы бир эске салып кетүүчү жагдай, эгерде жашаган үйүңүз автоунаа көп өтүүчү жолго жакын болсо, балдарды көчөгө ээн-эркин ойнотуу да кооптуу. Андыктан балдардын кыймыл аракетине дайыма көз салып, акыл эске киргенче жоопкерчиликтүү болгон жакшы. Жыл сайын жыгылып ар түрдүү жаракат алган балдардын көпчүлүгү 14 жашка чейинкилер болгон.

Чүй ОИИББы эскертет: Балдардын бөөдө кырсыктарга кабылуусун алдын алуу үчүн көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Ар бир баланын коопсуздугу ата-энелер Сиздердин колуңуздарда.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *