2022-жылдын 7-апрель күнү Чүй районунун ИИБүнө 1994-жылы туулган К.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анын үйүнөн 9000 сом акчасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 1982-жылы туулагн К.В. аттуу жаран кармалып тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Учурда шектүү жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы