Чүй районунун милиция кызматкерлери мектептерде алдын алуу иштерин уюштурушту

2020-жылдын 31-январь күнү Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен Чүй айылынын №14 орто мектебинде, өспүрүмдөр арасында тартип бузууларды алдын алууга багытталган иш-чара уюштурулду. Орто мектептин чоң класстары үчүн Чүй районунун ИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы, аймактык ооруканын дарыгери нарколог Л.И.Слезнева жана социалдык кызматкер Э.Исаковалар лекцияларды окушту.

Окуучуларга психотроптук заттарды колдонуу, ичимдик ичүү, жана башка саламаттыка зыян алып келүүчү заттардын тийгизген терс таасирлерин кеңири түшүндүрүшүп, окуучулар кызыккан суроолорун берип, жоопторду алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Иш-чарада окуучулар организмге ичимдиктердин жана психотроптук заттардын тийгизген терс таасирлери боюнча кенен түшүнүктөрдү алышып, өз келечектерин жакшы жактарга өзгөртүү ар кимдин өз аракетинен көз каранды экенине далилденген мисалдардар менен көрүштү.

Мектеп мугалимдери алдын алуу иш-чараларды байма-бай өткөрүү окуучуларга оң таасирин берип, пайдалуу болоорун айтып өтүштү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *