Чүй РИИБнүн начальниги Эрлан Исмаилов жергиликтүү тургундар менен жолугушуп,  милициянын аткарган иштери боюнча маалымат берди

 

Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрынан баштап жергиликтүү элдердин көгөйлөрүн  уугу жана жеринен чечүү, жарандар менен тыгыз жана ишенимдүү иштешүү максатында Чүй облустук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан аймактын тургундары менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.

2021-жылдын 8-декабрь күнү Чүй РИИБнүн начальниги милициянын подполковниги Эрлан Исмаилов жана Чүй районунун акими   Ак-Бешим айылынын тургундары  менен жолугушуу өткөрдү.

Аталган жолугушууда Чүй РИИБдин начальниги Эрлан Исмаилов кылмыштуулук менен күрөшүү, укук бузууларды алдын алуу чөйрөсүндөгү милициянын аткарган ишмердүүлүгү боюнча отчетторду берип,  мындан сырткары орун алган көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүү үчүн маселелерди көтөрдү. Райондук милициянын жетекчиси тарабынан укук тартип маселелерин жана милициянын ишмердүүлүгүн талкулоо үчүн айылдын тургундарына криминогендик абал жана милиция кызматкерлеринин кылмыштардын алдын алуудагы  иштери боюнча маалыматтар айтылды.

Андан сырткары райондук милиция жетекчиси   1-декабрдан баштап күчүнө кирген жаңы кодекстер жөнүндө жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элге сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө милициянын көчмө кабылдамаларынын ролу жогору экенин баса белгиледи.

Жолугушууга катышкан жарандардын көтөрүлгөн маселелери милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынды жана аны натыйжалуу чечүү боюнча бир нече тапшырмалары дагы коюлду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *