Ыссык-Ата районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалды

2022-жылдын 24-март күнү Ыссык-Ата РИИБүнө арыз менен 1959-жылы туулган Ф.В., жаран кайрылган.Себеби 24-март күнү болжол менен 21:30 чамасында бейтааныш маскачан адамдар тарабынан анын үйнө кирип, белгисиз тапанча менен коркутушуп, баалу буюмдарын жана акча каражатын алып кетейн дешкен, бирок эштеке таба албастан арыз эсиин бир нече жолу уур токмокко алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Ыссык-Ата РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип мурда соттолгон 1995-жылы туулган Ф.А., 1991-жылы туулагн М.Р., 1985 жылы туулган М.Н.,   аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *