2022-жылдын 17-апрелинде Ысык-Ата РИИБнын нөөмөт бөлүмүнө, аймактык ооруканадан, бычакталып жаракат алган жаран түшкөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Алынган маалымат боюнча тергөө-ыкчам тобу дароо чыгып кетишкен. Милиция кызматкерлери жаракат алган адамдын өздүгүн аныкталган, ал 1985-жылы туулган Б.А., аттуу жаран экен белгилүү болгон.
Бул факты кылмыштадын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-122 беренеси (киши өлтүрүгө аракет кылуу) боюнча катталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө жана Ысык-Ата районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган Б.М. колго түшүрүлгөн.
Бул окуя жарандардын ортосундагы чыр-чатактан улам келип чыккандыгы такталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жаран Ысык-Ата районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, андан соң Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралган.
Иштин жагдайына ылайык, экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр жүргүзүлүүдө.