Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектүү кармалды

 

2021-жылдын 7-июль күнү Ысык-Ата районунун ИИБүнө Ново-Покровка айылынын 1982-жылы туулган жашоочусу Б.К. арыз менен кайрылып, чала тааныш эркек киши анын курулуш шайманын 40 миң сомго ижарага алып, 20 миң сомун берип калганын төлөбөй жана шайманын кайтарып бербей качып жүргөнүн билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1984-жылы туулган Т.К. аттуу жаран кармалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *