Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундар арасыннда ар дайым алдын алуу иштери жүргүзүлүп келет.
Бул жолу, Ысык-Ата районунун ИИБдүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан алдын алуу жана түшүндүрүү иштери улантылды. Иш-чара учурунда милициянын аймактык тескөөчүлөрү милициянын көчмө кабылдамасы унаасы менен айылдарда жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларды уюштурушуп,алдын алуу иштерин жүргүзүү учурунда жарандардын суроолоруна жооп беришип, алардын кайрылууларын тиешелүү кызматтарга жеткирилүүдө .
Ошол эле учурда жарандарга өз мүлктөрүнө сак болууүчүн алдын алуу эрежелери сактоо кылмыштуулукту болтурбоого мүмкүнчүлүк түзөөрү айтылды. Иш-чарада соода-сатык жайларга жана башка жарандарга тейлөө көрсөткөн имараттарга видео камераларды орнотуу кылмыштуулукту алдын алууга мүмкүнчүлүк берээри тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.