2021-жылдын 30-ноябрь жана 1-декабрь күндөрү Ысык-Ата районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан “Жөө өткөөл” аталаышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага милициянын аймактык тескөөчүлөрү, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери катышышкан.
Алдын алуу учурунда өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын болтурбоо максатында, Ысык-Ата районунун аймагындагы орто мектептерде жол эрежелерин сактоо боюнча ЖКККБнын жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлрдун катышуусунда 10 лекция окулуп, өспүрүмдөргө жолдо жүрүнүн эрежелери эскертилди. Андан сырткары ата-энелерге ошондой эле балдар үчүн да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.