Ысык-Ата районунда бир баш жылкы уурдоого шектүүлөр камалышкан

 

2021-жылдын 10-декабрь күнү Ысык-Ата РИИБүнө 1995жылы туулган С.К. арыз менен кайрылып, Ак-Сай айылында жайгашкан жайлоосунан белгисиз бирөөлөр 1 баш жылкысын уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 2000-жылы туулган Ж.А. жана 2001-жылы туулган А.А. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *