Ысык-Ата районунда мал уурдоого шектүүлөр кармалды

Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 59 жаштагы жашоочу Д.Э. арыз менен кайрылып, 2019-жылдын декабрь айынын орто ченинде анын бир баш бодо малын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен билдирген. Жабырлануучуга келтирилген чыгым 70 миң сомду түзгөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурулук) боюнча катталып, сотко чейинки өндүруш иштери башталган. Ысык-Ата районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектелип 24 жаштагы Б.И. жана 27 жаштагы О.З. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Учурда шектүү жарандардын үстүнөн буга чейин башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин тириштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *