Ысык-Ата районунда мал уурулугуна шектүү кармалды

 

2021-жылдын 3-ноябрь күнү Ысык-Ата РИИБүнө 1973-жылы туулган М.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрынан 25-ноябрга караган түнү анын эки баш бодо малын белгисиз бирөө уурдап кеткенин билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, буга чейин соттолгон 1999-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдары учурунда уурдалган малдар табылып, ээсине кайтарылып берилген. Ал эми кармалган жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *