Ысык-Ата районунда уурулукка шектүү өспүрүм кармалды

 

2021-жылдын 21-октябрь күнү Ысык-Ата РИИБүнө 1986-жылы туулган Б.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 18-октябрь күнү анын 18 миң сомдук телефонун жана 15 миң сом акча каражатын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Респуюбликасынын Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 2004-жылы туулган К.А. аттуу өспүрүм кармалган.

Учурда шектүү тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *