Ысык-Ата районунун аймагында алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө

 

2021-жылдын 3-декабрь күнү Ысык-Ата РИИБдүн кызматкерлери тарабынан Кант шаарынын жана Нурманбет айылынын жашоочулары менен алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Кант шаарынын жана Нурманбет айлынын жашоочулары менен болгон жолугушууда кылмыштуулукту алдын алуу жана тартип буузуларды болтурбоо максатында жеригиликтүү тургундар менен жолугушуулар өткөрүлүп,  өспүрүмдөргө ар дайм көзөмөл кылуу маселеси айтылып, андан сырткары кылмыштуулуктун курмандыгы болуп калбоо үчүн жөнөкөй эрежелер экертилди.

Иш-чара учурунда өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында балдарга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жөө өтөөлдөн өтүүдө да ар дайм сак болуу керектиги айтылды. Мындай иш-чаралар Ысык-Ата районунун аймагында тынымсыз жүргүзүлүп, жарандарга бөөдө кырсыктардан алыс болуу жана кылмыштуулуктун курмандыктары болуп калбоосу үчүн ар дайым зарыл кеңештер берилүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *