Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгына ылайык, 2021-жылдын 14-декабрында Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өсүрүмдөр менен иштөө инспекцисынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Буденовка айылындагы орто мектептин окуучулары үчүн этникалык комплексине Кыргыз элинин миниатюраларынын жана маданиятынын интерактивдүү музейине экскурсияга алып барышты.
Музейге мектептин окуучулары, Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өсурүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, анын ичинде ата-энелер жана мектеп жетекчилигинин коштоосунда барышты.
Иш-чаранын максаты – салттуу коомдун баалуулуктарын, үй-бүлө идеалдарын, сергек жашоо образын, Ата-Мекенди сүйүүнү жана элге кызмат кылууну жайылтуу.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы