Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери “Ак тилек” өткөрүү бекетиндеги жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

 

Ысык-Ата РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери дем алыш күндөрү милициянын көчмө кабылдамасы менен “Ак тилек” өткөрүү бекетиндеги тыгындан улам кезек күтүп жаткан  жүк ташуучу унаалардын айдоочулары  менен жолугушушту.  Милиция кызматкерлери айдоочуларды коомдук тартипти сактоого чакырып, эреже бузууларга  жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүштү. Мындан тышкары, уурулуктун алдын алуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан алардын мүлктөрүн көзөмөлгө алуу боюнча да жардам берилери айтылды.

Бул иш-чара мыилиция кызматкерлери тарабынан, айдоочулар менен башка адамдардын ортосундагы чыр-чатактын алдын алуу максатында тынымсыз жүргүзүлүп турмакчы.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *