Өмүрүн тергөөгө арнаган милициянын полковниги Алмаз Кожомкулов эскерилди

2023-жылдын 9-июнь күнү Ички иштер органдарынынын тергөө кызматында үзүрлүү эмгектенген милициянын полковниги Алмаз Кожомкуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча турнир болуп өттү.

 Бул иш-чарага Чүй облусунун ички иштер органдарынын баардык райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ардагерлер жана А.Кожомкуловдун туугандары катышты.

 Алгач иш-чаранын жүрүшүндө А.Кожомкуловго куран окулуп, андан соң кесиптештери А.Кожомкуловду эскеришти. Чүй ОИИББнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Искен Базаркулов бул иш-чара мындан ары да улантыларына токтолуп, турнирдин катышуучуларына бекем денсоолук каалап, мыктылар жеңишке жетишишин белгиледи.

 Бул спорттук иш-чарага 2 тайпадан турган жалпы 12 команда катышып, жарым финалга ар бир тайпадан экиден мыкты командалар суурулуп чыгып, биринчилик үчүн кызуу күрөш жүрдү. Оюндун жүрүшүндө мыкты командалар иргелип жүрүп отуруп, жыйынтыгнда “Мыкты коргоочу”, “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты оюнчу” жана “Мыкты чабуулчу” номинацияларынын негизинде командалардын арасынан мыкты оюнчуларга сыйлыктар тапшырылды. Ал эми командалык оюнда биринчиликти Жайыл РИИБдин командасы багындырса, экинчи орунду Москва РИИБдин жана үчүнчү орунду Ысык-Ата РИИБдин командасы жетишип, жеңүүчүлөргө кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 А.Кожомкулов 1974-жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылында туулган. Ички иштер органдарында 25 жылдан ашык тергөө кызматында кызмат өтөп 2020-жылы пневмония дартынан улам каза болгон.

 Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *