Бир нече уруулук фактысына тиешелүү шектүү жарандар кармалды

Буга чейин Сокулук РИИБнө бир нече жаран уурулук фактылары боюнча арыз менен кайрылышкан. Алар өз арызында, ушул жылдын ноябрь айынын ортосунда чачтарач салонунан кымбат баалуу электр чач кырккычты жана башка косметикалык буюмдарды уурдалганын жана Сокулук районунун аймагында жайгашкан бир нече дүкөндөрдөн акча, тамак-аш азыктарын уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранышкан. Келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталууда.
Бул фактылар Сокулук районунун ИИБнүн КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Сокулук районунун ИИБнүн кызматкерлери бул кылмыштарга тиешеси бар деп, үч жаранды кармашкан. Алар 21 жаштагы А.Э. жана 20 жаштагы Ш.Б. 28 жаштагы Ч.Н. болуп чыккан.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө аталган жарандардын Чүй облусунун аймагында жасалган уурулук 6 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталды. Ал боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери аталган адамдардын башка ушул сыяктуу уруулук фактыларына тиешеси бардыгын текшерүүдө.
Кармалгандар жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Чүй облусунун ОИИББдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *