ЖАҢЫЛЫКТАР

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү

2019-жылдын 25-апрлеь күнү Чүй облусунун ИИББнын имаратында Чүй облусу боюнча ИИОнун жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын башчысы милициянын полковниги Курманкулов Самат Ажыгулович жана анын орун басарлары, Чүй облусунун ИИББнын борбордук аппаратынын кызмат башчылары, шаардык-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары, ал эми Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй облусу …

Read More »

Ысык-Ата районунан изделген кыз Бишкек шаарынан табылды

2019-жылдын 22-апрель күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Эпкин айылынын 44 жаштагы жашоочусу Ж.Б. аттуу арыз менен кайрылып, 13 жаштагы өспүрүм кызы Б.А. үйүнөн 21-апрель күнү чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегенин билдирип, аны издөөгө көмөктөшүүнү суранган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштерин жүргүзүү иш-чаралары улантылган. Кызматкерлер тарабынан ошол эле  күнү кызды көргөн билгендерден, туугандарынан, мектеп мугалимдеринен …

Read More »

Чүй районунда бейбаштыкка шектүү жаран кармалды

Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө Искра айылынын 47 жаштагы тургун И.Н. арыз менен кайрылып, 2019-жылдын 8-март күнү болжол менен саат 13:00 чамасында бейтааныш эркек киши арыздануучуну эч себепсиз ур-токмокко алып, “Мазда” үлгүсүндөгү автоунаасынын терезесин сындырып салганын билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө кызматы тарабынан кылмышка шектүү жарандын өздүгүн аныктоо жана кылмыштын бетин ачуу үчүн тиешелүү кызматтарга …

Read More »

Чүй районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 47 жаштагы жашоочусу У.Д. аттуу арыз менен кайрылып, 2019-жылдын 16-апрель күнү болжол менен саат 17:00 чамасында соода борборлордун биринин кампасынан дары каражаттарын уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым такталууда. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө кызматы тарабынан кылмышка шектүү жарандын өздүгүн аныктоо жана кылмыштын бетин ачуу үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырмалар …

Read More »

Панфилов районунда тоноочулукка шектүү жарандар кармалды

Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө 58 жаштагы К.К. аттуу жергиликтүү жашоочусу (аял киши) кайрылып, 2019-жылдын 18-февраль күнү болжол менен саат 20:30 чамасында Биринчи май айылындагы көчөлөрдүн биринен анын 2003-жылы туулган баласы А.Н. аттуунун  «Редми» үлгүсүндөгү телефонун белгисиз адамдар күчкө салып тартып алып из жашырып кетишкенин билдирген. Ал эми Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө 51 жаштагы К.У. аттуу аял арыз менен …

Read More »

Москва районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды

2019-жылдын 18-апрель күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Беловодск айылынын 46 жаштагы жашоочусу К.Т. арыз менен кайрылып, 16-апрель күнү болжол менен саат 15:50 чамасында бейтааныш адам анын үйүнө кирип, арыз ээсине карата күч колдонуп, аны бычак менен коркутуп, телефонун жана акча каражатын тартып алып окуя болгон жерден из жашырып кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыштын …

Read More »

Чүй ОИИББы: Жайыл районундагы өз өмүрүн кыюу фактысы боюнча

2019-жылдын 11-апрель күнү Жайыл районунун аймактык ооруканасынан өз өмүрүн кыюу окуясы болгону тууралуу маалымат ички иштер бөлүмүнө түшкөн. Окуя болгон жерге Жайыл районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, териштирүү учурунда, 2019-жылдын 11-апрель күнү болжол менен саат 14:00 чамсында 31 жаштагы Х.М. аттуу аял киши ок атуучу курал колдонуп өз жанын кыйган. Алдын ала текшерүү учурунда сол жак көкүрөгүнө ок киргени …

Read More »

Чүй облусунун ИИББы: Кант шаарында жоголгон 12 жаштагы баланын табылгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

Социалдык түйүндөрдө жана WhatsApp мессенджеринде “11-апрель күнү Кант шаарынан уурдалган бала табылды. Ал чет элдик жарандар тарабынан уурдалганы маалым болду”-деген аял кишинин үнү жазылган билдирүү таркатылууда. Белгисиз аял өз билдирүүсүндө баланы уурдоо чет элдик жарандар тарабынан жасалганын билдирүүдө. Андыктан Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы, бул маалымат чындыкка жатпаганын билдирет. Ошондой эле 2007-жылы туулган Данил Браилкинди издөө боюнча бир катар  …

Read More »

12 жаштагы өспүрүм баланы Кант шаарынан белгисиз адамдар уурдап кеткен, бала учурда изделүүдө

   2019-жылдын 11-апрель күнү болжол менен саат 09:00 чамасында Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Кант шаарынан жаш өспүрүм баланы белгисиз адам уурдап кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо ыкчам тергөө тобу чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. 11—апрель күнү болжол менен саат 08:40 чамаларында Кант шаарынын №2-кичи районунда 12 жаштагы Данил Браилкин мектепке бара …

Read More »

Чүй ОИИББы: Сокулук районундагы ок атуучу куралдан каза болгон жаран тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирет

2019-жылдын 9-апрель күнү болжол менен саат 08:50 чамасында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө ок атуучу куралдын огунан каза болгон эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Сокулук районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, кароо жүргүзүү учурунда “Тойота” үлгүсүндөгү автоунаанын арткы орундугунан болжол менен 35-40 жаштар чамасындагы европа улутундагы жарандын башына ок атуучу куралдан …

Read More »