ЖАҢЫЛЫКТАР

Сокулук районунда бирөөгө бычак саюуга шектүү жаран кармалды

2019-жылдын 20-апрель күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, эркек киши бычактан алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылгандыгы маалым болгон. Бул маалыматтын негизинде Сокулук районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу ооруканага чыгышып, жабырлануучунун өздүгүн тактаган учурда ал 32 жаштагы Л.Н. экендиги аныкталып, ал 2019-жылдын 20-апрель күнү болжол менен саат 23:00 чамасында эч себепсиз аны бейтааныш аял ич тарабына …

Read More »

Чүй облусунда кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди

2019-жылдын 15-май күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын ички министрлигинин буйругу менен 15-май кызмат өтөө учурунда өз милдетин аткарып жатып каза болгондорду эскерүү күнү деп жыл сайын белгиленип келет. Бул жолу эскерүү иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги, өздүк курам, ардагерлер жана кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жакындары катышты. …

Read More »

Чүй ОИИББы: Сууга түшүүдө балдардын коопсуздугуна кам көрүүгө кеңеш берет

Жайдын келиши менен жайкы эс алуу маалында таза абада эс алуу жана шаарга жакын жайгашкан көлмөлөргө түшүү үчүн чогулгандардын саны арбын болоору талашсыз. Ушул мезгилде сууга чөгүп, сууга секирип кирген боюнча чыга албай калган окуялар көп катталып, алардын басымдуу бөлүгү жаш өспүрүмдөр болгону өкүнүчтүү. Сууга түшүүдө ал тургай үйдөгү бассейиндерге да суу толтуруп жатканда бөбөктөрдүн коопсуздугун эске алуу көп кырсыктарды …

Read More »

Чүй ОИИББы: Балдар арасындагы кырсыктарды алдын алууну эскертет

Жай мезгилинде аба ырайынын ысыгынан көпчүлүк тургундар таза абада эс алууга өтүшөт. Алар менен бирге жаш өспүрүмдөр да салкын жерлерде ойноону каалашат. Белгилүү болгондой жайкы мезгилде жаш өспүрүмдөр арасында түрдүү окуялардан улам жаракат алгандардын саны да өскөнү жашыруун эмес. Андыктан бөбөктөрдү эс алдырууда алардын коопсуздугуна көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Бөбөктөр ойноп жатканда аларга тынымсыз көз салуу зарыл. Өзгөчө жаңы баскан …

Read More »

Токмок шаарында каракчылыкка шектүүлөр кармалды

2019-жылдын 10-май күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 80 жаштагы М.Х. арыз менен кайрылып, 10-май күнү болжол менен саат 02:20 чамасында бейтааныш адамдар анын үйүнө киришип күч колдонуп арыз ээсин коркутуп, 12 миң сом акчасын алышып окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, тергөө кызматы …

Read More »

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

2018-жылдын сентябрь айында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө У.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, бейтааныш эки киши жана аялдар   Аламүдүн районунун Көк-Жар жаңы конушундагы жер тилкесине бизнес кылып жакшы каражат табууга мүмкүн деп арыз ээсин алдоо жолу менен ишендиришип, жер тилкесин алышып ошол боюнча из жашырып кетишкенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси …

Read More »

Чүй ОИИББы: оорукта эмгектенген ардагерди куттуктады

2019-жылдын 8-май күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана Чүй облусунун ИИББнын ардагерлер кеңеши Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде оорукта эмгектенген Чоюнбек Сагынбаевди куттукташты. Ал ички иштер органдарында кызмат өтөп милициянын ардактуу эс алуудагы полковниги. Чүй облусунун ИИББнын жетекчисинин жана жалпы облустук ички иштер органдарынын өздүк курамынын атынан куттуктоо каты жана белектер ардагерге тапшырылды. Жолугушууда Чоюнбек аксакал куттуктап …

Read More »

Жайыл районунун ИИБде, Республикалык “Милицинын жаш достору” кароо сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

2019-жылдын 6-май күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын №9 орто мектебинин окуучулары “Милициянын жаш достору” кароо сынагынын 2019-жылдын жеңүүчүлөрү “Шопоковцы” командасы жана аталган мектеп директору жана директордун орун басары чакырылып, салтанаттуу куттуктоо иш-чарасы болду. Жайыл районунун ИИБнүн башчысы милициянын подполковниги Тилек Омуралиев конкурстун катышуучуларына жана мектеп директоруна “Ардак грамота” жана башка белектерди ташырып, “Милициянын жаш достору” кароо сынактан …

Read More »

Сокулук районунда аял кишиге бычак сайган жаран кармалды

2019-жылдын 22-апрель күнү болжол менен саат 10:00 чамасында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаардык ооруканалардын биринен телефон чалуу болуп, Чүй облусунун жашоочусу бир аял бычактан алган жаракатынан улам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат боюнча Сокулук районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, жабырлануучуга операция жасалып жаткандыктан аны суроого мүмкүн болбой, териштирүү учурунда өздүгү …

Read More »

Токмок шаарында кишинин денесине оор залал келтирүүгө шектүү жарандар кармалды

2019-жылдын 29-апрель күнү болжол менен саат 07:00 чамасында Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, болжол менен 40-45 жаш курактагы эркек кишинин киши колдуу болгон жансыз денеси ооруканага жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Токмок шаарынын ИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Каза болгон кишинин өздүгү кызматкерлер тарабынан такталып, ал 61 жаштагы …

Read More »