ЖАҢЫЛЫКТАР

Мраморный айылындагы чыккан өрт боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

2018-жылдын 7-май күнү болжол менен саат 03:45 чамасында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Аламүдүн районунун Мраморный айылында жайгашкан “Эркин экономикалык аймагында” 3 ангар күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Бул маалымат боюнча окуя болгон жерге Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн районунун ИИБнүн ыкчам тергөө топтору чыгышкан. Окуя болгон жерде өрттү өчүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин …

Read More »

Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө 32 жаштагы жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, 2017-жылдын декабрь айынын аягында арыз ээсинин үйүнө белгисиз адамдар киришип, анын зергер буюмдарын жана 100 миң сомун уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, бул кылмышка шектүү …

Read More »

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү катары 42 жаштагы жаран кармалды

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө 45 жаштагы жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, 2015-жылы бейтааныш адам анын ишенимине кирип, алдоо жолу менен 41 миң АКШ долларын алып, ушул күнгө чейин акчасын кайтарып бербей жүргөнүн билдирген. Бул окуя боюнча чогултулган материалдардын негизинде Аламүдүн районунун ИИБнын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан …

Read More »

Сокулук районунда уурулукка шектүү үч жаран кармалды

2018-жылдын февраль айынын орто ченинде Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Сокулук айылындагы дүкөндөрдүн бирин белгисиз адамдар тоноп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Сокулук РИИБнын ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, текшерген учурда белгисиз адамдар дүкөндүн терезесин сындырып киришип, ичиндеги товарларын уурдап кетишкени маалым болгон. Бул окуя боюнча Сокулук РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси …

Read More »

Аламүдүн районунда “Алдын алуу күнү” аталышында рейд иш-чарасы болуп өттү

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн, билим берүү мекемелеринин, үй-бүлөө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, райондук мамлекеттик админстрациянын алдында түзүлгөн балдардын иштери боюнча комиссиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Алдын алуу күнү” аталышындагы  жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту алдын алууга багытталган рейд иш-чарасы үстүбүздөгү жылдын 2-май күнү  болуп өттү. Аталган иш-чарада  жаш өспүрүмдөр жана туруктуу жашаган жери жок жарандар көп чогулган жайлар текшерүүгө алынды. 15 …

Read More »

Ысык-Ата районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

2018-жылдын 2-май күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Ысык-Ата районунун айылдарынын бириндеги үйдө аял кишинин кыйкырыгы чыгып, ызы-чуу болуп жаткандыгы тууралуу жергиликтүү жашоочулардан маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде окуя болгон дарекке Ысык-Ата районунун ИИБнын ыкчам тергөө тобу чыгышып, аял кишинин жансыз денесин табышкан. Жансыз денеге кароо жүргүзүү учурунда анын киши колдуу болуп каза болгону маалым болуп, ал 31 жаштагы …

Read More »

М.Кылычбековдун жаркын элесине арналган күрөш болуп өттү

25-апрель күнү Аламүдүн районунун Ленин айылындагы спорт залда спорттун “кырыгыз күрөш” түрү боюнча Чүй облусунун аймагындагы шаардык-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн командаларынын арасында маркум милициянын ага лейтенанты Кылычбеков Мэлис Алтынбековичтин жаркын элесине арналган мелдеш болуп өттү. Мелдештин ачылышына Чүй облусунун ИИББнын башчысынын орун басары милициянын полковниги К.Жумаев, Аламүдүн районунун ИИБнүн башчысы милициянын подполковниги Б.Артыкулов жана анын орун басарлары ошондой эле маркум …

Read More »

Чүй облусунда бир нече уурулуктун бети ачылды

  Буга чейин Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Шопоков шаарынын жашоочусу Щ.Е. арыз менен кайрылып, анын үйүнө белгисиз бирөө кирип, 10 миң сом акча каражатын уурдап кеткенин билдирген. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектелип, Чүй облусунун 55 жаштагы жашооучус К.С. кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Ошол эле райондук ички иштер бөлүмүнө Селекционное айылынын 48 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, …

Read More »

Чүй районунда хулиганчылыкка шектүү жаран кармалды

  Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө Чоң-Жар айылынын 35 жаштагы жашоочусу Д.Т. арыз менен кайрылып, үйүнүн алдында токтоп турган «Фольксваген-Пассат» үлгүсүндөгү автоунаасынын терезесин бейтааныш адам таш менен сындырып окуя болгон жерден из жашырып кеткенин билдирген. Бул окуя боюнча милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларын натыйжасында жергиликтүү 57 жаштагы М.Б. кармалып, текшерүү учурунда кылмышка шектүү жаран спирт ичимдигин ичип мас …

Read More »

Аламүдүн районунда 43 жаштагы аял айылдаш кызды сабаган деген шек менен кармалды

  Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө 22 жаштагы жергиликтүү жашоочу кыз арыз менен кайрылып, ошол эле айылда жашаган чала тааныш аял экөөнүн ортосунда чыр-чатак чыгып, ал аял арыз ээсин сабап салганын билдирген. Аламүдүн районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы кызды сабаган 43 жаштагы жергиликтүү жашоочу аял А.А. кармалып тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Read More »