ЖАҢЫЛЫКТАР

Сокулук районундагы оор кылмыштын бети ачылды

Буга чейин Сокулук районунун Ак-Ордо жаңы конушунда болжол менен 25-30 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылып, анын өздүгүн тактоо максатында, өзгөчө белгилери көрсөтүлүп, баардык жалпыга маалымдоо каражаттарына таркатылган. 2018-жылдын 24-март күнү болжол менен саат 14:45 чамасында Сокулук районунун ички иште бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Ак-Ордо жаңы конушунда аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат боюнча Сокулук районунун …

Read More »

Аламүдүн райнунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды

2018-жылдын 7-январь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Башкара-Суу айылынын 51 жаштагы жашоочусу Б.Э. арыз менен кайрылып, 6-январдан 7-январга караган түнү белгисиз адамдар анын сарайынын эшигин сындырып киришип, ичинен ири мүйүздүү бодо малын уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн …

Read More »

Панфилов районун жашоочусунан мызамсыз сакталган ок-дарылар алынды

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмыштуулукту алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн рейд иш-чарасынын негизинде Панфилов районундагы үйлөрдүн биринен ок-дарылар табылды. 2018-жылдын 29-март күнү Чүй облусунун ИИББнын жана Панфилов районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде Панфилов районунун 64 жаштагы жашоочусу С.Г. аттуу жарандын сарайынан төмөндөгү ок-дарылар табылып алынган. -1637 даана ок-дарылар (5,45 …

Read More »

Чүй облусунда мал уурулукка шектүү жарандар рейд иш-чарасы учурунда кармалышты

  Чүй облусу боюнча милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн “Мал ууру, Каракчы” аталышындагы рейд иш-чарасы учурунда мурда катталган 7 мал уурулуктун бети ачылган. Алар: Москва районунда 2 кылмыш, Жайыл районунда 4 кылмыш жана Панфилов районунда 1 кылмыш ишине шектүүлөр колго түшүрүлгөн.  Уурдалган малдардын 8 башы ири мүйүздүү бодо мал болсо 2 баш майда мал жандыктар болгон. Арыз ээлерине келтирилген жалпы материалдык …

Read More »

Токмок шаарында телефон уурдоого шектүү жаран кармалды

  2017-жылдын 20-декабрь күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу айым 59 жаштагы С.Л. арыз менен кайрылып, 2017-жылдын 21-ноябрь күнү болжол менен саат 10:30дан 11:00гө чейинки убакыт аралыгында Токмок шаарында жайгашкан соода түйүндөрдүн биринен арыз ээсинин “SAMSUNG-G-5” үлгүсүндөгү уюлдук телефонунун белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 15 миң сомду түзгөн. Бул окуя боюнча Токмок шаарынын ИИБнүн тергөө …

Read More »

Токмок шаарында каракчылыкка шектелип 3 жаран кармалды

Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 2018-жылдын 3-февраль күнү жергиликтүү 83 жаштагы жашоочу П.Е. арыз менен кайрылып, 3-февраль күнү болжол менен саат 18:50 чамасында 25-30 жаш курактагы европа улутундагы эки жаран, беттерин жашырып, Токмок шаарындагы арыз ээсинин үйүнө киришип, үйдүн кожоюну 83 жаштагы П.Е. жана 55 жаштагы П.В. ларга күч колдонушуп, аларды коркутуп, 50 миң сом акчасын алышып, окуя болгон жерден …

Read More »

Кемин районунда “Жөө өткөөл” аталышында алдын алуу иш-чарасы болуп өттү

2018-жылдын 20-март күнү Кемин районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Жөө өткөөл” аталышындагы рейд иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарада жолдун туш келди жеринен ары-бери өткөн 20 жаранга Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү көдексинин 247-беренеси боюнча протоколдор толтурулуп, андан сырткары 30 жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күнү жолдогу кырсыктардан улам жөө жүргүнчүлөр жана автоунаалардын жүргүнчүлөрү жабыркап ал тургай күн сайын жол кырсыгына …

Read More »

Кемин районунда өспүрүмдөр арасында тартип бузууларды алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Кемин районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жана мектеп мугалимдери менен биргеликте Кемин районундагы №1 жана 3 орто мектептеринде тартип бузууларды алдын алуу үчүн жолугушууларды уюштурушту. Бул жолугушуунун максаты мектеп рэкетчилиги жана жаш өспүрүмдөр арасындагы өз өмүрүнө кол салууларды алдын алууга багытталган. Андыктан жолугушууга окуучулардын ата-энелери жакындары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мугалимдердин катышуусунда болуп өттү.  Кемин …

Read More »

Токмок шаарынан зымдарды ууроого шектүү жаран кармалды

Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 2018-жылдын март айынан башынан тарта байланыш түйүндөрүнүн зымдарын кыркып кеткен окуя тууралуу үч арыз келип түшкөн. Алар: 1) 2018-жылдын 5-мартынан 6-мартка караган түнү белгисиз адамдар Токмок шаарынын Охотничая көчөөсүнөн 55 метр зымды кыркып кетикен, 2) 5-марттан 6-мартка караган түнү белгисиз адамдар Токмок шаарынын Дубовицкая жана Родниковая көчөлөрүнүн кесилишинен 40 мерт зымды кыркып кетишкен, 3) 12-марттан …

Read More »

Москва районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

2018-жылдын 20-декабрь күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Петровка айылынын 59 жаштагы жашоочусу М.К. арыз менен кайрылып, 2017-жылдын ноябрь айынын орто ченинде бир эркек киши анын ишенимине кирип, жүгөрүсүн 30 миң сомго карызга алып, ошондон бери ушул күнгө чейин бербей жүргөнүн билдирген. Бул окуя боюнча Москва районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши …

Read More »