ЖАҢЫЛЫКТАР

Аламүдүн районунда тоноочулукка шектүү жаран кармалды

2018-жылдын 22-апрель күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Аламүдүн районунун Пригородный айылындагы дүкөндөрдүн бирине бейтааныш жаран кирип, сатуучуга күч колдонуп, анын “Редми”үлгүсүндөгү телефонун жана капчыгын тартып алып окуя болгон жерден из жашырып кеткендиги тууралуу Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (Тоноо) боюнча кылмыш иши …

Read More »

Токмок шаарында эркек кишинин жансыз денеси табылып, бул кылмышка шектелип эки жаран кармалды

  2018-жылдын 17-апрель күнү Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн. Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Денеге кароо жүргүзүү учурунда анын бетинде жаракаттар аныкталып, ал 38 жаштагы Токмок шаарынын жашоочусу А.С. экендиги такталган. Бул окуя боюнча Токмок …

Read More »

Сокулук районунда аялын бычак менен сайган 59 жаштагы жаран кармалды

  Сокулук районун ички иштер бөлүмүнө бир аял бычактан жаракат алып аймактык ооруканага келип түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул окуя боюнча Сокулук районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, жабырлануучунун өздүгүн такташкан. Ал 47 жаштагы Сокулук районунун жашоочусу К.А. экендиги аныкталып, бул окуя үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам чыгып, жабырлануучунун жолдошу бычак менен сайып жибергендиги маалым болгон. Бул окуя …

Read More »

Токмокто унаалардын аккумуляторлорун уурдап жүргөн топ кармалды

  Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 2018-жылдын башынан тарта бир нече жергиликтүү жашоочулардан арыздар келип түшкөн. Анда түнкүсүн үйдүн жанында токтоп турган автоунаалардын аккумуляторлорун белгизиз адамдар уурдап жатышкандыгы көрсөтүлгөн. Катталган арыздардын негизинде материалдар чогултулуп, Токмок шаарынын ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Токмок шаарынын ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында …

Read More »

Чүй облусунда “Селсаяк” аталышында рейд иш-чарасы болуп өттү

Чүй облусунда “Селсаяк” аталышында рейд иш-чарасы болуп өттү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын, райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн, билим берүү мекемелеринин, үй-бүлөө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, райондук мамлекеттик админстрацияларынын алдында түзүлгөн балдардын иштери боюнча комиссиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Селсаяк” аталышындагы  жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту алдын алууга багытталган рейд иш-чарасы үстүбүздөгү жылдын 16-17-апрель күндөрү болуп өттү. Аталган иш-чарага облус боюнча 300 …

Read More »

Кемин районунда мал уурулукка шектүү топ кармалды

2018-жылдын февраль айынын башында Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө Тегирменти айылынын эки жашоочусу арыз менен кайрылышып, 2-февралдан 3-февралга караган түнү алардын сарайынан белгисиз адамдар эки баш бодо малын уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя боюнча Кемин районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасынада милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка …

Read More »

Токмок шаарында жергиликтүү жаранды өлтүрүп жерге көмүп салган окуяга шектүү жарандар кармалды

Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине Токмок шаарында киши өлтүрүү болуп,  жансыз дене жерге көмүлгөн деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул маалыматты текшерүү учурунда ал далилденип, окуя болгон жерге Токмок шаарынын ИИБнүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, жерге көмүлгөн жаранды алып чыгышкан. Денесине кароо жүргүзүү учурунда дене жаракаттары аныкталып, ал 33 жаштагы жергиликтүү жашоочу М.А. киши колдуу болуп каза болгондугу такталган. …

Read More »

Москва районунда үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам аялы күйөөсүн бычак менен сайып өлтүргөн

  2018-жылдын 14-апрель күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Беловодск айылындагы үйлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылгандагы тууралуу маалымат келип түшкөн. Москва районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, болжол менен 35-40 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Денеге кароо жүргүзүү учурунда анын киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталып, ал Беловодск …

Read More »

Айыл чарба багытындагы мыйзамсыз сатылган жер тилкелери

  2017-жылы Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө айыл чарба багытындагы жер тилкелерин алдамчылык жолу менен сатуу, басып алуу, өзүм билемдик менен жер тилкелерине ээ болуу фактылары боюнча жалпысынан 533 арыз даттануулар катталган. Алардын ичинен 117 фактысы боюнча кылмыш иштери козголуп, 20 адам 54 кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык), 172-1-беренеси (Жерлерди өзү билип ээлөө же басып алуу) …

Read More »

Чүй районунда хулиганчылыкка шектелип күзөт кызматынын кызматкерлери кармалышты

2018-жылдын 14-апрель күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө Кошой-Коргон айылынын 37 жаштагы жашоочусу Ч.С. арыз менен кайрылып, 13-апрелде болжол менен саат 21:00 чамасында арыз ээсинин мурда ажырашып кеткен аялы 35 жаштагы Т.Б. жанында бир кыз жана бейтааныш төрт бала менен арыз ээсинин үйүнө киришип,  анын 25 жаштагы келинчеги А.А. жана 65 жаштагы атасы Ч.А. аларды ур-токмокко алышып кетишкенин билдирген. Бейтааныш …

Read More »