ЖАҢЫЛЫКТАР

Чүй облусунун аймагында “Правопорядок” аталышындагы рейд иш-чарсы өткөрүлдү

Чүй облусунда тартип бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу ошондой эле катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында 2019-жылдын 21-22-май күндөрү “Правопорядок” аталышындагы рейд иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага облус боюнча 500гө жакын ички иштер органдарынын кызматкерлери жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнөн 100 дөн ашык кызаматкерлер катышышты. Рейд учурунда уурулук, бейбаштык, тоноо жана башка 16 кылмыш ишинин бети ачылган. Андан сырткары башка тартип бузуулар боюнча …

Read More »

Сокулук районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

2019-жылдын 24-май күнү Сокулук районунун Ново-Павловка айылынын аймактык тескөөчүсү өзү тейлеген аймакта кызмат өтөп жүрүп телевизор, ноутбук жана плеер көтөрүп бара жаткан шектүү эркек кишини көрүп аны токтотуп, өздүгүн аныктоо максатында жакынкы милиция бөлүмчөсүнө алып барган. Териштирүү учурунда ал Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн 23 жаштагы жаран экндиги аныкталып, ал буга чейин соттолгондугу маалым болгон. Ал эми көтөрүп бараткан техникалык жабдууларды …

Read More »

Чүй облусунун ИИББда облустук сот, прокуратура, УКМК жана башка мамлекеттик кызматтардын жумушчу жолугушуусу болуп өттү

2019-жылдын 24-май күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында сот системасынын, прокуратура органдарынын, улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын жана Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кезектеги жумушчу кеңешмеси болуп өттү. Иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын башчысы милициянын полковниги Курманкулов Самат Ажыгулович жана анын орун басарлары, Чүй облусунун жана шаардык-райондук ИИБлөрдүн тергөө кызматынын башчылары жана орун басарлары. Чакырылган коноктордон: Чүй облустук сотунун төрагасынын …

Read More »

Жайыл районунда милициянын көчмө кабылдамасы иш алып барууда

«Милициянын көчмө кабылдамасы» коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоодо, ошондой эле кылмыштуулукту алдын алууда чоң роль ойногону белгилүү. Милициянын көчмө кабылдамасы жарандарга юридикалык кеңештерди берип, чет өлкөдөн келген эс алуучулардын кайрылууларын жана арыз-даттанууларын кабыл алып аларга тиешелүү жардамдарды ыкчам көрсөтүүнү ишке ашырат. Көчмө кабылдаманын ичинде криминалдык милиция кызматынын, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүлөрү иш …

Read More »

Сокулук районунда бирөөгө бычак саюуга шектүү жаран кармалды

2019-жылдын 20-апрель күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, эркек киши бычактан алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылгандыгы маалым болгон. Бул маалыматтын негизинде Сокулук районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу ооруканага чыгышып, жабырлануучунун өздүгүн тактаган учурда ал 32 жаштагы Л.Н. экендиги аныкталып, ал 2019-жылдын 20-апрель күнү болжол менен саат 23:00 чамасында эч себепсиз аны бейтааныш аял ич тарабына …

Read More »

Чүй облусунда кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди

2019-жылдын 15-май күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын ички министрлигинин буйругу менен 15-май кызмат өтөө учурунда өз милдетин аткарып жатып каза болгондорду эскерүү күнү деп жыл сайын белгиленип келет. Бул жолу эскерүү иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги, өздүк курам, ардагерлер жана кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жакындары катышты. …

Read More »

Чүй ОИИББы: Сууга түшүүдө балдардын коопсуздугуна кам көрүүгө кеңеш берет

Жайдын келиши менен жайкы эс алуу маалында таза абада эс алуу жана шаарга жакын жайгашкан көлмөлөргө түшүү үчүн чогулгандардын саны арбын болоору талашсыз. Ушул мезгилде сууга чөгүп, сууга секирип кирген боюнча чыга албай калган окуялар көп катталып, алардын басымдуу бөлүгү жаш өспүрүмдөр болгону өкүнүчтүү. Сууга түшүүдө ал тургай үйдөгү бассейиндерге да суу толтуруп жатканда бөбөктөрдүн коопсуздугун эске алуу көп кырсыктарды …

Read More »

Чүй ОИИББы: Балдар арасындагы кырсыктарды алдын алууну эскертет

Жай мезгилинде аба ырайынын ысыгынан көпчүлүк тургундар таза абада эс алууга өтүшөт. Алар менен бирге жаш өспүрүмдөр да салкын жерлерде ойноону каалашат. Белгилүү болгондой жайкы мезгилде жаш өспүрүмдөр арасында түрдүү окуялардан улам жаракат алгандардын саны да өскөнү жашыруун эмес. Андыктан бөбөктөрдү эс алдырууда алардын коопсуздугуна көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Бөбөктөр ойноп жатканда аларга тынымсыз көз салуу зарыл. Өзгөчө жаңы баскан …

Read More »

Токмок шаарында каракчылыкка шектүүлөр кармалды

2019-жылдын 10-май күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 80 жаштагы М.Х. арыз менен кайрылып, 10-май күнү болжол менен саат 02:20 чамасында бейтааныш адамдар анын үйүнө киришип күч колдонуп арыз ээсин коркутуп, 12 миң сом акчасын алышып окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, тергөө кызматы …

Read More »

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

2018-жылдын сентябрь айында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө У.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, бейтааныш эки киши жана аялдар   Аламүдүн районунун Көк-Жар жаңы конушундагы жер тилкесине бизнес кылып жакшы каражат табууга мүмкүн деп арыз ээсин алдоо жолу менен ишендиришип, жер тилкесин алышып ошол боюнча из жашырып кетишкенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси …

Read More »