ЖАҢЫЛЫКТАР

Чүй облусунун аймагында “Арсенал” аталышында профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

  Чүй облусу боюнча коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле, кылмыштуулукту алдын алуу үчүн үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинен 7-апрелге чейин ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактоону алдын алуу максатында “Арсенал” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чарага коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан жана Чүй ОИИББдин ЖКККБнын кызматкерлеринен түзүлгөн 114 кызматкер тартылган. Рейддин жүрүшүндө 2200 аңчылык менен алектенүүчүлөр текшерилип, …

Read More »

Кара-Балта шаарында жансыз дене табылып, бул кылмышка шектүү жаран кармалган

  2018-жылдын февраль айынын аягында Кара-Балта шаарындагы көчөөлөрдүн биринде болжол менен 25-30 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат жергиликтүү жашоочулардан Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө түшкөн. Бул маалыматтын негизинде окуя болгон дарекке Жайыл районунун ИИБнүн ыкчам-тергөө тобу чыгышып, жансыз денеге кароо жүргүзгөн учурда баш тарабында жаракаттар байкалып, калган денесинде эч кандай жаракаттар табылган эмес. Милиция кызматкерлери тарабынан …

Read More »

Жайыл районунда хулиганчылыкка шектүү жаран кармалды

  Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө Чүй облусунун 39 жаштагы жашоочусу Р.Д. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 9-апрель күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Кара-Балта шаарынан аны бейтааныш эркек киши мас абалында ур-токмокко алып, денесине залал келтиргенин билдирген. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Жайыл районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Хулиганчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери …

Read More »

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды

  2018-жылдын 9-апрель күнү Бишкек шаарынын 42 жаштагы жашоочусу И.Г. Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 9-апрель күнү арыз ээсинин Лебединовка айылындагы үйүнө бейтааныш эркек киши кирип, колундагы бычагы менен арыз ээсин коркутуп, анын «Самсунг жана Айфон» үлгүсүндөгү телефондорун алып, окуя болгон жерден из жашырып кетүүгө аракет кылганын билдирген. Бирок, жабырлануучу туугандары менен бейтааныш жаранга жетип, анын качып …

Read More »

Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Буга чейин Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 2013-жылы чала тааныш аял арыз ээсинин ишенимине кирип, Сокулук районунун аймагынан жер тилкесин алып берем деп убада кылып, 70 миң сом акчасын алып, ушул күнгө чейин бербей жүргөнүн билдирген. Чогултулган материалдардын негизинде Сокулук районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши …

Read More »

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды

2018-жылдын 9-апрель күнү Бишкек шаарынын 42 жаштагы И.Г. аттуу жашоочусу Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 9-апрель күнү арыз ээсинин Лебединовка айылындагы үйүнө бейтааныш эркек киши кирип, колундагы бычагы менен арыз ээсин коркутуп, анын «Самсунг жана Айфон» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун алып, окуя болгон жерден изин жашырып кетүүгө аракет кылганын билдирген. Бирок, жабырлануучу туугандарынын жардамы менен шектүүнүн качып кетүүсүнө …

Read More »

Милициянын сержанты Тынчтык Абдрахмановдун жаркын элесине арналган самбо күрөшү боюнча мелдеш Токмок шаарында өттү

2018-жылдын 4-апрель күнү кызмат учурунда курман болгон милициянын сержанты Абдрахманов Тынчтык Карымшаковичтин жаркын элесине арналган “Самбо” күрөшү боюнча мелдеш Токмок шаарындагы спорт комплексинде өттү. Аталган спорттук мелдешке Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын, райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жана өз алдынча кызматтардын спортчуларынан түзүлгөн 11 команда катышты. Бул спорттук таймашка маркумдун жакын туугандары да чакырылган. Спорттук мелдеш 62, 68, 74, 82, …

Read More »

Аламүдүн районунда мурда соттолгон жаран бир нече уурулукка шектүү катары кармалды

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Пригородное айылынын 32 жаштагы К.С. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар анын үйүнүн кулпусун сындырып киришип, үйүндөгү түстүү сыналгысынжана жеке буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 50 миң сомду түзгөн. Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Ууроо) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн …

Read More »

Чүй облусунда жарандардан опузалап акча талап кылган эки жаран кармалды

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын жашоочусунан жана анын жакындарынан бейтааныш адамдар опузалап акча талап кылып жатканы аныкталып, жогорудагы окуя Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кылмыштарды каттоо китепчесине катталган. Бул окуя боюнча чогултулган материалдардын негизинде Аламүдүн районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, …

Read More »

29-30-март күндөрү Чүй облусунун аймагында “Беспризорник” аталышындагы рейди өттү

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын, райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн, билим берүү мекемелеринин, үй-бүлөө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, райондук мамлекеттик админстрацияларынын алдында түзүлгөн балдардын иштери боюнча комиссиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Безпризорник” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту алдын алууга багытталды. Аталган иш-чарага облус боюнча 313 милиция кызматкери жана 115 жергиликтүү бийлик өкүлдөр катышып, жаш өспүрүмдөр жана туруктуу жашаган …

Read More »