ЖАҢЫЛЫКТАР

Сокулук районунда унаа уурдоого шектүү жаран кармалды

  Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Сокулук айылынын 27 жаштагы жашоочусу К.В. арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар анын көчөөдө токтоп турган «Субару-Легаси» үлгүсүндөгү автоунаасын уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя боюнча Сокулук районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында изи сууй электе бул кылмышка шектелип Бишкек шаарынын 36 жаштагы жашоочусу А.И. кармалып, ага карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси …

Read More »

Аламүдүн районунда хулиганчылыкка шектелип эки жаран кармалды

  Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Константиновка айылынын 43 жаштагы жашоочусу Т.Р. арыз менен кайрылып, 2018-жылдын 22-апрель күнү эки европа улутундагы балдар эч себепсиз Константиновка айылынан арыз ээсин ур-токмокко алышып, денесине жаракат келтиришип окуя болгон жерден из жашырып кетишкенин билдириген. Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Хулиганчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Аламүдүн …

Read More »

Ысык-Ата районунда телефон уурдоого шектүү жаран кармалды

  Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Новопокровка айылынын 46 жаштагы жашоочусу Б.Т. арыз менен кайрылып, Ивановка айылындагы көчөлөрдүн бирине автоунаасын токтотуп, дүкөнгө кирип чыкканча машинеде калган телефонун белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектүү делип, 17 жаштагы жергиликтүү жашоочу Х.К. кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Read More »

Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектүү аял кармалды

  Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Жетиген айылынын 50 жаштагы жашоочусу Б.Р. арыз менен кайрылып, буга чейин чала тааныш аял анын ишенимине кирип, алдоо жолу менен 630 миң сом акчасын алып ушул күнгө чейин бербей жүргөнүн билдирген. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында бул алдамчылыкка шектелип, Чүй облусунун 32 жаштагы тургуну И.С. кармалган. Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын …

Read More »

Чүй районунда автоунаа уурдоого аракет кылган жаран кармалды

  2018-жылдын апрель айынын башында Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 30 жаштагы жашоочу С.М. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 8-апрелге караган түнү бейтааныш адамдар анын Чүй айылында токтоп турган автоунаасын уурдап кетүүгө аракет кылганын билдирген. Бул окуя боюнча Чүй районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28-172-беренелери (Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алууга …

Read More »

Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жаран кармалып, анын буга чейин бир нече уурулукка катыштыгы бар экени аныкталды

  Бишкек шаарынын жашоочулары Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылып, 15-майдан 16-майга караган түнү Лебединовка айылында жайгашкан камадан электр жабдууларын жана башка буюмдарын белгисиз адамдар уурдап кетишкендиги тууралуу арыз менен кайрылышкан. Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Аламүдүн районунун ИИБнүн милициянын аймактык ыйгарым …

Read More »

Аламүдүн районунда бир нече уурулукка шектүү жаран кармалды

  Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жергиликтүү 35 жаштагы К.Т. аттуу жаран бир нече уурулукка шектелип кармалган. Териштирүү учурунда кылмышка шектүү жаран Беш-Күнгөй дачасындагы үйлөрдөн баалуу буюмдарды, зергер буюмдарды жана тиричилик техникаларды уурдап жүргөнү аныкталган. Кармалган жаран Аламүдүн районунун аймагынан 10 кылмыш ишине тиешеси бар экендигин моюнуна алып, анын үстүнөн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза …

Read More »

Чүй облусунда баңги заты менен алектенген жарандан 2 килограммга жакын зат алынды

  Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Москва районунда баңги заты менен алектенген жаран тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-аракеттердин негизинде 13-май күнү ак-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат алынып, Кыргыз Республикасынын ИИМнин криминалистика башкармалыгы тарабынан текшерилип, жогорудагы алынган зат героин баңги заты деп табылып, анын салмагы 0,535 граммды …

Read More »

Чүй облусунда кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди

2018-жылдын 15-май күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын ички министрлигинин буйругу менен 15-май кызмат учурунда милдетин аткарып жатып каза болгондорду эскерүү күнү деп жыл сайын белгиленип келет. Бул жолу эскерүү иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги, өздүк курам, ардагерлер жана кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жакындары катышты. Кылмыштуулукка каршы …

Read More »

Сокулук районунун милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал алынды

2018-жылдын 13-май күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмү тарабынан козголгон кылмыш ишинин негизинде Кара-Балта шаарынын 22 жаштагы жашоочусу М.Р. аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда, сарайдын ичинде катылган ок атуучу курал табылган. Текшерүү учурунда ок атуучу куралдын тиешелүү документтери жок болгондуктан, табылган  курал алынып, ага экспертиза дайындалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Read More »