Чүй облусунун аймагында «Арсенал» аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 7-июнунан 27-июнуна чейин Чүй облусунун аймагындагы кылмыштардын, анын ичинде курал-жарактарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактоо менен байланышкан кылмыштардын алдын алуу максатында «Арсенал» аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарада Чүй облусунун ички иштер органдарынын лицензиялык-уруксат берүү тутумунун кызматкерлери, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана ошондой эле Чүй облусу боюнча Жол кайгуул кызматынын өздүк курамынан турган 430дан ашык кызматкерлер тартылган.

Рейддик иш-чаранын алкагында төмөнкүлөр текшерилди:

-3552 – мергенчи текшерүүдөн өттү;

-278 – сайлуу куралдардын ээлери;

– 1923 – сайсыз куралдын ээлери;

– 447 – газ желим  куралдын ээлери;

– 60 – сыйлыкка берилген куралдын ээлери -,

– 1 – аңчылык дүкөн текшерилди,

– 11  – жеке сакчылык агенттиктери;

– 11 – уруксат берүү тутумунда катоодо турган объекттер текшерилген.

Профилактикалык-рейддик иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан административдик укук бузуулар боюнча 48 протокол түзүлүп, анын ичинен 33 профилактикалык негизде түзүлүп, жалпы суммасы 45 000 сомдон ашык айып пулдар салынган.

Рейддин жүрүшүндө ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча 10 факт катталып, анын ичинен тогуз сайсыз  ок атуучу курал жана бир газ-травматикалык тапанча алынган.

Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгы курал-жаракты, анын негизги бөлүктөрүн, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү, ошондой эле ок атуучу куралдарды, алардын тетиктерин даярдоо же оңдоо кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келээрин эскертүү менен, ок атуучу куралды ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулары да маалымдалды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *