Чүй облусунун ИИББда ИИМдин коллегиясынын жыйынтыгы боюнча каралган талаптарды өздук курамга жеткирүү үчүн кеңешмө болуп өттү

 

2022-жылдын 21-февраль күнү Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин коллегиясынын жыйынтыгы менен ИИОнун кызматкерлерине коюлган талаптарды өздук курамга жеткирүү үчүн жумушчу кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешмеге Чүй облусунун ИИББнын борбордук аппаратынын кызматтарынын жана райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрдүн башчылары катышышты.

Жыйында Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги тарабынан ИИМдин коллегиясында көтөрүлгөн маселелер жеткирилип, ошондой эле кемчиликтердин үстүнөн иштөө боюнча тапшырмалар талкууланды. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Ниязбеков Улан Омоканович тарабынан ИИОнун кызматкерлерине койгон талаптары жеткирилди. Андан сырткары Чүй облусунун ИИОнун ыкчам кызматтык ишмердүүлүгү жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча маселелер талкууланды.

Жыйында Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары милициянын полковниги Абдырахманов Каныбек Кадыркулович коомдук  тартипти жана коомдук коопсуздукту сактоо кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары Абдуразаков Руфат Абдурашитович ШРИИБдөрдүн жетекчилерин өздүк курам арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча тынымсыз жумуштарды жүргүзүүнү белгиледи.

Жыйындын соңунда төмөндөгү тапшырмалар коюлду:

-Жер-жерлерде жергиликтүү жашоочулар менен жолгушууларды өткөрүп, жаралган маселелерди жеринде чечүү жана кылмыштуулукту алдын алдын алуу жумуштрын байма-бай жургүзүү.

-Чүй облусунун аймагында катталган оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетини ачуу үчүн тиешелүү ыкчам  иш-чараларды жүргүзүү.

-Жарандар тарабынан түшкөн арыз даттанууларды болтурбоо максатында, сотко чейинки өндүрүш иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүү.

-Уурулук кылмыштарынын алдын алуу жана болтурбоо үчүн байма-бай рейд иш-чараларын өткөрүү.

-Өздүк курамдын кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында окутуу иштерин иш-мерчемдердин негизинде жүргүзүү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *