Чүй облусунун ыкчам кызматкерлери тарабынан баңги затын мыйзамсыз жүгүрткөн чет элдик топ кармалды

2023-жылдын 7-февралында Ысык-Ата РИИБне арыз менен Пакистан Республикасынын жараны 1998-жылы туулган С.З. аттуу Кант шаарынын тургуну кайрылып, 2023-жылдын 1-2-февраль аралыгында үйүнүн эшигин бузуп кирип, жашыруун түрдө 10 000 АКШ доллар акчасын, 2-даана Макбук жана iPhone 14 Pro үлгүсүндөгү жаңы уюлдук телефонун уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.
Аталган факт Ысык-Ата РИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Чүй ОИИББнын жана Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде кылмыш ишине шектүү катары Пакистан Республикасынын жарандары 2002-жылы туулган М.Х., 1999-жылы туулган М.Г., 1999-жылы туулган А.М. аттуу жарандар аныкталып, алар сурак учурунда Пакистан Республикасынын жараны С.З. үйүнөн баңги затын уурдагандыгын, башка эч нерсе албагандарын билдиришкен.
2023-жылдын 9-февралында аталган кылмыш ишинин материалдары өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 286-беренесинин (Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Бул кылмыш ишинин алкагында Чүй ОИИББнын жана Ысык-Ата РИИБнин тергөөчүлөрү, ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалган Пакистан Республикасынын жарандары 2002-жылы туулган М.Х., 1999-жылы туулган М.Г., 1999-жылы туулган А.М. үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, алардан өлчөмү 1504 граммды түзгөн “Гашиш-афганский чарз” баңги заты табылып алынган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, арыз ээси С.З. аттуу жаран өзү бир нече жыл бою Пакистан Ислам Республикасынан баңги затын алып келип, өзүнүн Кыргыз Республикасында жашаган мекендештерине баңги затын сатуу менен алектенгени аныкталган.
2023-жылдын 9-февралында материалдар кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 282-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Аталган кылмыш ишинин алкагында, С.З. аттуу жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан 55 грамм салмактагы баңги заты (гашиш) табылып, алынган.
2023-жылдын 9-февралында Пакистан Республикасынын жарандары: 2002-жылы туулган М.Х., 1999-жылы туулган М.Г., 1999-жылы туулган А.М. жана 1998-жылы туулган С.З. аттуу жарандар Кыргыз Республикасынын КЖПКнин Жазык 96-беренесине ылайык кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.
2023-жылдын 10-февралында кылмышка шектүүлөргө айыбы угузулуп, Ысык-Ата райондук сотуна Бишкек шаарынын № 1 Мекемесине 2-айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо өтүнүчү келтирилип, ал канааттандырылган.
Тергөө иштери уланууда.

Чүй ОИИББнын Басма-сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *