Чүй районунда “Притон” аталышындагы рейддик иш чара жүргүзүлүүдө

2023-жылдын 8-10 февралында Чүй РИИБдин кызматкерлери, Чүй районунун билим берүү, социалдык өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо бөлүмдөрү менен биргеликте райондун аймагында жашы жете элек кыздарды сойкулукка тартууга бөгөт коюу жана жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча “Притон” аталышындагы рейддик иш чара өткөрдү.
Бул иш-чаранын максаты жашы жете элек кыздарды сойкулук кылууга тартуу фактыларынын болтурбоо, турмуштук оор абалда турган жашы жете электерди жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо.
Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө район аймагындагы Жаңы-Жол интернатында жана район аймагында жайгашкан мектептердин окуучуларына түшүндүрүү профилактикалык иш-чаралар жана лекциялар өткөрүлдү. Ошондой эле, турак жайсыз, кароосуз калган жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо максатында коомдук жайлар, кафе-ресторандар, түнкү барлар, дискотекалар, мейманканалар гостиницалар текшерүүгө алынууда.

Чүй ОИИББнын Басма-сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *