Ааламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

2022-жылдын 24-апрелинде Аламүдүн РИИБине 1960-жылы туулган Д.Т., атту жаран кайрылган. Ал 2015-жылы ишенимине кирип, алдоо жолу менен жер тилкесин ишеним кат аркылуу сатып, кийинчерээк жерди мыйзамдуу  каттатып берүүнү убадалап, бирок, ушул күнгө чейин ар кандай шылтоолор менен качып жүргөнүн адамга чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесининин (Алдамчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, 1986-жылы туулган Т.Ж. атту жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *