Аламүдүн районунда сууга түшүүдө коопсуздукту алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери райондук администрациянын өкүлдөрү менен биргеликте сууга түшүүдө алдын алдын алуу жумуштарын жүргүзүшүүдө.

Аламүдүн райондук ИИБнын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан райондун аймагындагы көлмөлөргө, агын сууларга, каналдарга сууга түшкөн балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп келишүүдө. Көпчулүк балдар жуунганга тыюу салынган жерлерге түшкөн учурлары  кездешпей койбойт. Аларга ар бир жарандын коопсуздугу үчүн эскертүүлөр орнотулганы айтылып ата-энелерине балдарга дайыма көз салып, тыюу салынган жерлерге жөнөтпөө үчүн эскертүү иштери жүргүзүлүүдө.

Өлкөбүздө өзгөчө кырдаал режими учурунда, дарыгерлер тарабынан айтылган талаптарды сактап, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ички иштер органдары тарабынан айтылган кеңештерди аткаруу зарылдыгы эскертилди.

Андыктан Чүй облусунун ИИББы эскертет: Сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл.  Тыюу салынган жерлерге түшүү кооптуу. Суунун түбүндө устун, таштар , саз, балырлар, жана баткак ылайлары бар жерлер болушу мүмкүн. Ал тургай атайын сууга түшүүгө ылайыктуу жайларда да балдарды тынымсыз көзөмөлдөп туруу зарыл. Балдардын сууга түшүү учурундагы коопсуздугуна көңүл буруңуздар.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *