Аламүдүн районундагы катталган кылмышка шектүү Талас облусунан кармалган

2020-жылдын декабрь айынын орто ченинде Аламүдүн районунун ички иштер бөлүнүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Төмөнкү-Аларча айылындагы көчөлөрдүн биринде каракчылык фактысы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Аламүдүн районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн учурда жабырлануучу 26 жаштагы А.Ш. аттуу жаран экендиги такталып, окуя кандайча болгондугу аныкталган.

Жабырлануучу автоунаасы менен жүргүнчү ташып иштеп жүргөн учурда өткөн жылдын 13-декабрь күнү болжол менен саат 14:00 чамаларында анын автоунаасына болжол менен 30-35 жаш курактагы эркек киши отуруп, аны Төмөнкү-Аларча айылына жеткирип коюусун суранган. Көрсөтүлгөн дарекке жетээрде жүргүнчү эч себепсиз айдоочуну коркутуп, отвертка сыяктуу курч нерсе менен айдоочунун денесине жаракат келтирип, анын автоунаасын жана телефонун тартып алып, белгисиз тарапка из жашырып кеткени маалым болгон. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында жогорудагы автоунаа Аламүдүн районунун Маевка айылынан табылган.

Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн бир катар иш-чаралар жүргүзүлүп, Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, 30 жаштагы Б.Б. аттуу жаран Талас облусунун аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *