Чүй ОИИББнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында синтетикалык баңги заттарды жашыруун жерлерде таратып жүргөн жарандар тууралуу маалымат түшкөн.
Чүй облусунун баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы алынган маалыматтын негизинде ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада 2002-жылы туулган Ж.Б., 2002-жылы туулган Ж.С., 2003 жылы туулган П.К., 2002-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар кармалган. Тинтүү учурунда алардын жанынан жалпы салмагы 775 граммды түзгөн 274 даана сары түстөгү полиэтилен капсулаларга таңгакталган порошок түрүндөгү заттар алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында атайын капсулалардагы зат синтетикалык баңгизат пара-метилэфедрон (мефедрон) болуп чыккан.
Бул факт Аламудун РИИБндө Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кылмышка шектүү болгон 2002-жылы туулган Ж.Б., 2002-жылы туулган Ж.С., 2003 жылы туулган П.К., 2002-жылы туулган Б.Б. Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы текшерүүгө алынып, тергөө иштери уланууда.
Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы