Аламүдүн районунда жапайы кара-куурайлар жок кылынууда

2019-жылдын 12-августтан 17-августка чейин Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү жашоочулар менен жапайы кара куурайларды жок кылуу иш-чарасы жүргүзүлдү. Аламүдүн районунун аймагы боюнча, Октябрь, Гроздь, Васильевка, Ленинское, Мраморное, Аламүдүн, Лебединовка айылдарында өскөн кара куурайлар жок кылынды. Район боюнча жалпысынан 5,1 гектар жердеги өскөн жапайы кара-куурайлар чабылып, өрттөлдү. Болжол менен 8290 килограмм кара куурай жок кылынды. Жергиликтүү жашоочуларга баңгизатын камтыган өсүмдүктөрдү өстүргөн жарандарга жоопкерчиликтер каралгандыгы боюнча милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларды жок кылууга биргеликте иштерди жүргүзүү зарылдыгы белгиленди. Мындай жапайы кара куурайларды жок кылуу иш-чаралары жыл сайын өткөрүлүп келгендиктен, учурда Чүй облусунун баардык аймактарында улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *