Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды

2020-жылдын 12-март күнү болжол менен саат 03:10 чамаларында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, аял киши дене жаракаттары менен ооруканалардын бирине амбулатордук түрдө кайрылып кеткени кабарланган. Бул маалымат боюнча РИИБдүн ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышып, жогорудагы факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча катталган. Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин натыйжасында жабырлануучу аял кишинин өздүгү аныкталып, 21 жаштагы Октябрь айылынын жашоочусу С.Г. экендиги аныкталган. Ал ички иштер органдарына арыз жазып, 11-март күнү болжол менен саат 22:00 чамаларында чала тааныш бала эч себепсиз денесине залал келтирип, 5500 сом акчасын жана “Деу Нексия” үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алып окуя болгон жерден белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин жүрүшүндө буга чейин катталган материал Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) бернесине которулган. Кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде Аламүдүн районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан буга чейин бир нече жолу соттолгон 32 жаштагы М.Ф. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *