Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалышты

Үстүбүздөгү жылдын 16-январь күнү Аламүдүн районундагы Ленин айылында каракчылык фактысы болгондугу тууралуу Аламүдүн РИИБүнө маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чыгышкан учурда 39 жаштагы М.Х. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 2022-жылдын 16-январь күнү болжол менен саат 16:00 чамаларында бейтааныш болжол менен 30-35 курактагы эркек кишилер автоунаа сатып алуучу катары арыздануучунун автоунаасын көрүшүп, кийин Аламүдүн районунда жашаган туугундарына да машинени көрсөтүүнү суранышкан. Арыздануучу макул болуп, жолдо бара жатканда ээн жерден арыздануучуга бычак такашып, күч колдонушуп коркутушуп, анын документтерин, акча кааражаттарын жана «Редми» үлгүсүндөгү телефонун тартып алышып окуя болгон жерден из жашырып кетишкенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Аламдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектелип, 25 жаштагы Н.Б. жана 27 жаштагы Т.Б. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.
Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *