Аламүдүн районунда милициянын көчмө кабылдамасы өз ишин алып барууда

Үстүбүздөгү жылдын 16-17-январь күндөрү Аламүдүн районунун ИИБдүн кызматкерлери, райондук социалдык өнүктүрүү, билим берүү бөлүмдөрү ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте милициянын көчмө кабылдама автоунаасы менен Аламүдүн районунун айылдарынын жашоочулары менен жолугушууларды уюштурушту.

Жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу атайын дем алыш күндөрүнө белгиленип, кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды алдын алуу жана өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларга жол бербөө боюнча алдын алуу жумуштар жүргүзүлдү. Ошондой эле үй-бүлөлүк зордук зомбулуктарды алдын алуу боюнча эскертмелер жергиликтүү мекемелерге илинди.  Мындан сырткары аз камсыз болгон үй-бүлөргө жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан каттоодо турган өспүрүмдөрдүн ата-энели менен да жолугушуулар болуп, кеңештер берилди.

Милициянын көчмө кабылдамасында кызматкерлер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барышып, жарандардан түшкөн арыз-даттанууларды кабыл алышып, андын сырткары жергиликтүү жашоочуларга укуктук кеңештерди да беришет.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 7-янарь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги тарабынан Чүй облусунун райондоруна милициянын көчмө кабылдамасы катары пайдалануу үчүн жабдылган автоунаалар берилген. Алар Аламүдүн жана Панфилов райондорунда өз милдеттерин аткарууга киришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *