Аламүдүн РИИБүнө арыз менен жергиликтүү Ц.А. аттуу 1963-жылы туулган жашоочу кайрылган. Анткени 2022-жылдын 20-январында анын үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип , үйдөн 7800 АКШ долларын, 50 миң сомдук кол саатын, 400 долларлык уюлдук телефонун жана зер буюмдарын, уурдап из жашырып кеткенин билдирген.
Аталган факт Аламүдүн РИИБүнө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.
Зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында Чүй ОИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары. 2001-жылы туулган Ю.А аттуу жаран кармалган.
Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү жарандын ушул сыяктуу дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы