Балдарды коргоо күнү менен Чүй облусунун милиция кызматкерлери куттукташты

2022-жылдын 1-июнунда Чүй облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата жер-жерлерде балдар үчүн майрамдык маанай тартууланды.

Бул күнү Токмок ШИИБнын кызматкерлери, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борборундагы балдар тарабынан өткөрүлгөн жарманкеге катышышып балдарды куттукташып таттууларды белекке беришти.

Ошондой эле Балдарды коргоо күнүндө Москва РИИБдин кызматкерлери Беловодск психоневрологиялык балдар үйүнө барышып, балдарга  майрамдык маанай тартуулоо менен белек-бечкектерин беришти.

Жайыл РИИБдин кызматкерлери да  райондун аймагындагы жашоо шарты начар үй бүлөлөрдөгү жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга татууларды жана оюнчуктарды беришип балдарды майрамы менен куттуктап кайтышты.

Мындан тышкары, майрамдын урматына Чүй облусунун аймагындагы сейил бактарда  Чүй облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан балдарга балмуздактар таратылып майрамдык маанай тартууланды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *