Жайыл районундагы үйлөрдүн биринен ок атуучу курал алынган

2020-жылдын 11-декабрь күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө жергиликтүү 2002-жылы туулган жаран телефон чалып, атасы үйүндө тынчтык бербей жатканын билдирген.

Бул маалыматтын негизинде көрсөтүлгөн дарекке дароо Жайыл районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Териштирүү учурунда Ш.А. аттуу жаран мас абалында үйүнө келип, баласын оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кийин белгисиз куралдан ок атып жиберген.

Текшерүү учурунда үйдүн сырткы эшигине белгисиз куралдын огунан зыян келтирилгени аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында үйдөн ок атуучу курал жана анын огу ошондой эле бычак табылып алынган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *