2022-жылдын 26-апрель күнү Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы В.И.Ленин атындагы маданият үйүндө “Диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу” аталышындагы түшүндүрүү иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чара Жайыл РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматкерлери, УКМКнын Жайыл райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жана Жайыл районунун имам-хатиби тарабынан уюштурулду. Жолугушууга Кара-Балта шаарындагы окуу жайлардын студенттери, окутуучулары жана жергиликтүү жашоочулар катышышты.
Лекция учурунда Жайыл районунун имам-хатиби Н.Омуралиев ислам дининдеги баалуулуктарга токтолуп, жаштарды билим алууга, улууну урматтап, кичүүлөргө ызаат көрсөтүү боюнча кеңештерин айтты. Жыйындын катышуучулары укук коргоо органдарына жана дин өкүлдөрүнө суроолорун узатышып жоопторун алышты.