Жайыл районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

 

2022-жылдын 26-март күнү Жайыл РИИБүнө телефон чалуу болуп аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде Жайыл РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышкан. Териштирүү учурунда ал 1958-жылы туулган Н.Л. аттуу жаран экендиги такталган жана анын киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.

Анын негизинде катталган материал кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1981-жылы туулган Д.П., кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы окуя мас абалында ортодон чыккан пикир келишпестиктен улам болгону аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *