Жайыл районунда тоноочулукка шектүү кармалды

 

2022-жылдын 22-март күнү Жайыл районунун ИИБүнө   1982 жылы туулган жергиликтүү тургуну  И.А. аттуу жаран кайрылып, ал  2022-жылдын 21-март  күнү белгисиз дамадар тарабынан, ага карата күч колдонуп уюлдук телефонун тартып кеткендигин билдирген.

Бул факты Жайыл РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республиксынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жайыл РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышке шектелип, 1980-жылы туулагн Ш.А. аттуу кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Териштирүү иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *