Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын 1998 жылы туулган тургуну арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 22-апрель кунү белгисиз адамдар анын уюлдук телефонун жана акча каражаттарын уурдап кетишкенин билдирген.
Аталган факт Жайыл РИИБдүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Урдоо)боюнча катталган.
Тергөө иш амалдаручурунда уурдалган уюлдук телефон табылып, тактоо учурунда ал телефонду Бишкек шаарынын базарларынан сатып алгандыгы белгилүү болгон. Милиция кызмакерлери тарабынын жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында шектүү адамдын өздүгү аныкталган.
Чүй ОИИББнын жана Жайыл РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин негизинде бул кылмышка шектелип 1998-жылы туулган О.А. аттуу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Тергөө иштери улантылууда.