Жайыл районунда уурдоого шектүүлөр кармалышты

 

2022-жылдын 15-март айында Жайыл РИИБүнө 1977 жылы туулагн И.З., атту жаран арыз менен кайрылып, ал арызында белгисиз адамдар тарабынан 15-март күнү анын үйүнө киришип алдын жана күмүш буюмдарын, ноутбугун, жана 15 дана кол саатын андан тышкары 500 доллар АКШ уурдап кетишкендигин билдирген. Натыйжасында арыз ээсине 590 000 сомдон ашык зыян келтиргенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1995-жылы туулган З.В.,  жана 1988-жылы туулган Ш.А. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Шектүү адамдардын бирин үйүнөн тинтүү жүргүзүлүп найтыйжасында бир дана т ноутбук, күмүш буюмдар жана 5 данна кол саты табылып алынган.

Териштирүү иштери улантылууда.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *