Жайыл районунда уурулукка шектүү кармалды

 

2022-жылдын 12-июнь күнү арыз менен  1957 жылы туулгн Д.А. атту жаран кайрылган. Анда белгисиз бирөөлөр 500 000 акча каражаттарды уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты Жайыл РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы уурулукка шектелип 1970 жылы туулган А.А. аттуу кармалып убактылуу кармочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *